Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө кечээ, 14-мартта саат 19:30дан баштап киргизилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында белгиленгендей, чектөө ашууларда көп кар жаап, Бишкек-Ош унаа жолу тайгак болгондугуна байланыштуу.

"Учурда чектөө качан алынары белгисиз, бул маселе жеринен каралат. Качан абал турукташып, жолдор тазаланып кетсе, ал чектөө алынат. Чектөө бир гана оор жүк ташуучу унааларга киргизилди, ал эми жеңил унааларга чектөө жок", - дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан