Айыл чарба тармагында өкмөттүн алдында негизги тамак-аш азыктарын өлкөдө өндүрүлгөн продукциянын эсебинен камсыздоо милдети турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы 9 базалык азык-түлүктөрдүн төрт түрү (нан жана нан азыктары, картошка, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, сүт жана сүт азыктары) гана өлкөдө өндүрүлдү. Калган 5 (азык-түлүк жер-жемиштер, шекер, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктары, жумуртка) сырттан импорттолду.
"Былтыр тамак-аш азыктарынын импорту 412 миллион долларды түздү. Ошондуктан өкмөт айыл чарбасында негизги багыттарды аныктап, иш алып барууда. Алар: логистикалык борборлорду түзүү, тамчылатып сугаруу технологиясын өнүктүрүү, күнөсканаларды түзүү, айыл чарба техникасын лизингге берүү жана башка багыттар",- деди Сариев.