Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери качан башталары белгилүү болду

Энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жаатында 2016-жылдын экинчи жарымында Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорунун алкагында иштер улантылат. "Жылуулук борборун жергиликтүү көмүргө өткөрүү жана энергетикалык кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин көтөрүлөт. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу эки эсе көп. Мындан тышкары Быйыл Камбар-Ата ГЭСинин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштер башталат. Бул кошумча 150 мегаватт кубаттуулук менен камсыз кылат. Долбоор 2017-жылы бүткөрүлөрү пландалууда. Ошондой эле өкмөт Жогорку Нарын ГЭСтер каскады долбооруна жаңы инвесторду табуу боюнча иштерди алып барууда",- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан