14-мартта өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" старт алды. Улуттук банктан билдиришкендей, жакынкы жети күндүн ичинде өлкө боюнча, алыскы аймактарда окуучулар менен студенттер үчүн атайын окутуучу иш-чаралар, көчмө лекциялар, каржылык мекемелерге экскурсиялар, ошондой эле коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Анда чеберлер классы, тренингдер, тегерек столдор, викторина, олимпиада, сынак жана башка 200гө жакын иш-чара уюштурулмакчы.
Жумалыктын башкы максаты – жаш муундардын үнөмдөө маданиятын өнүктүрүп, келечекте тең салмактуу каржылык чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзүү боюнча тийиштүү билим берүү. "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" 22-мартта аягына чыгат.