Шашылыш билдирүү! 17-18-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

17-18-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралат жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт: 18-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде 0...2° жеткен үшүк жүрүп, күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2...7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6...11°, тоо этектеринде 1...6° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 2...7° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет.

Жогорудагыдай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar8625
2016-03-15 10:58:41
Кудай сактасын ушуктон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан