Чыныбай Турсунбеков "айрымдар өлкөдөгү кыйынчылыктарды өз максатына колдонгону жатышат" деди

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк 14-мартта өлкөнү туруктуу өнүктүрүү аракеттери боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Жыйында коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков дүйнөдө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык каатчылык жүрүп жатканын белгиледи.

"Тилекке каршы, айрым кыйынчылыктарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөгөн күчтөр дагы жок эмес. Ошондуктан бул багытта жасалып жаткан аракеттер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, көйгөйлүү маселелерди ачык талкууга алуу чечимине келдик",- деди депутат.

Талкууда экономикалык кризистен чыгуу программасын даярдоо, өнөр жайдын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу, дыйкандар менен фермерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоо, насыялардын үстөк пайызын азайтуу сунуштары берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан