Владимир Путин Сириядан Орусиянын негизги күчтөрүн чыгарууга буйрук берди

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-марттан тарта Сириядан негизги күчтөрдү чыгарууга буйрук берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Путиндин айтымында, Орусиянын аскердик кийлигишүүсү бир кыйла максатына жетти. Ошону менен бирге Путин тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусиянын ролун активдештирүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал Сириянын президенти Башар Асадга телефон чалып, Орусиянын чечими тууралуу маалымдады",- деп жазышат басылмалар.

Путин баса белгилегендей, деңиздеги Тартус менен авиациялык Хмеймим аэродромунда жайгашкан орусиялык пункттар өз ишин мурдагы режимде уланта беришет.

“Биздин аскерлер жерде, деңизде жана абада ишеничтүү коргоого алынышы керек. Сирияда калган аскерлер ок атуу режимин сактоо боюнча көзөмөлдү улантышат”,- деди Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан