Ош. Билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин тарбиялык конференциясы депутаттардын катышуусунда өттү

Ош шаарындагы №52-мектепте “Балдардын ден соолук маданияты” аттуу билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин тарбиялык конференциясы болду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда компьютер жана интернеттин терс жана оң тараптары, азык-түлүк продукцияларынын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери жана башка тарбия багытындагы презентациялар окулуп, видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулар “Балдардын чаңырыгы” аттуу номерди сахнада аткарып беришти.

Конференцияга Жогорку Кеңештин Билим берүү, маданият комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз, Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана ата-энелер катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан