Никеге эрте тургандардын көйгөйүн чечүү жолдорун өзгөртүү зарыл. Муну вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 15-мартта парламенттин Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин Ош шаарында өтүп жаткан жыйынында билдирди.
Вице-премьер никеге туруп, бирок каттоодон өтпөгөн жубайлардын жана эрте кош бойлуу болуунун социалдык-экономикалык кесепеттерин атады. "Көйгөйдүн кесепети менен алышпай, жалпы үй-бүлө институтун өнүктүрүү, үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө шарт түзүү зарыл. Өкмөт иштеп чыккан узак мөөнөттүү программада үй-бүлө социалдык коргоонун пассивдүү объекти гана эмес, коомду өнүктүрүүчү фактор катары каралууда. Ошондуктан программада үй-бүлөнү өнүктүрүүнүн экономикалык, маданий шарттары эске алынат",- деди Кудайбердиева.