"Ысык-Көлдө мөмө-жемиштин түрлөрү арбын, аларды коромжусуз жыйнап, кайра иштеткенди колго алсак, элдин жашоо шарты кыйла жакшырмак”,- деп сөзүн баштаган Гүлсара Чыныбаева: "Биз алгачкы кадамдарды жасап жатабыз. Эми аны кеңири жайылтып,тажрыйбамды жердештерим менен бөлүшсөм деген ниеттемин",- деди.
Гүлсара Чыныбаева - Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну. Ысык-Көл облусун комплекстүү өнүктүрүү боюнча "КАРАГАТ+" программасынын алкагында "АВЕП" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун мүчөсү, фермердик топтун негиздөөчүсү. Аталган долбоор "Кумтөр" ишканасы тарабынан каржыланат.
Долбоордун негизинде Челпек айылында чакан как кургатуучу цех ачылып, 90 миң сомдук 2 меш алынып келинген. Мешке бир салганда 20 килограмм мөмө-жемиш батат. Фермердик топ өткөн жылы 250 килограммга жакын как кургатып, продукциясын Бишкек шаарына алып барып килограммын 100 сомдун тегерегинде соодалашкан. Өздүк бакчадан жыйналган алма-өрүктөн, алмуруттан тышкары айыл тургундарынан да килограммын 5-10 сомдун тегерегинде сатып алышты. 1 килограмм алмадан болжолдуу 200 грамм как алынат экен. Мындан сырткары жапайы жер-жемиштерди: четиндин ашы, бөрү карагаттарды да кургатууга жетишти.
"Быйыл да өндүрүшүбүздү кеңейтип, жер-жемиштерди быйылкыдан да көбүрөөк көлөмдө кургатсакпы деп турабыз. Сапат маселесине олуттуу карап, даяр продукцияны ийгиликтүү өткөрүп алуу багытында Каракол шаарынын мектеп, бала бакчалары менен кызматташсак деген оюбуз бар. Балдар үчүн биздин кактар абдан пайдалуу. Алар, биринчиден, таза кургайт, эч кандай чымын-чиркей конуп булгабайт. Экинчиден, жол-жобосу менен кургатылгандыктан, витаминдер толугу менен сакталып калат",- дейт фермер айым.
Гүлсара Осмоналиева "КАРАГАТ+" долбоорунун дагы бир долбоору – мөмө-жемиштерди өстүрүү, түрлөрүн көбөйтүү, тамчылатып сугаруу системин колдонуу боюнча да иш алып барат. Анын огородунда демонстрациялык аянтча уюштурулуп, ага долбоордун эсебинен карагаттын жаңы сорттору отургузулду. Көчөттөр Польша мамлекетинен алынып келинген. Аянтчага карагаттын 2 сортунан 33 көчөт, малинанын жаңы сорту отургузулган. Жаңы түрлөрдүн баары жергиликтүү жаратылыш шартына тез кабыл алынып, туруктуу өсө баштады.
"Жаңы көчөттөрдүн түшүмдүүлүгү жогору болчудай. Былтыр кенедей эки түптөн эле бир чака түшүм алдым. Жаз алды калемчелерди көбөйтүп, айылдаштарым менен бөлүшсөм деген оюм бар. Тамчылатып сугарууну да жалпы жайылтсак абдан жакшы болчудай, анткени демонстрациялык аянтчада колдонуп, анын пайдалуулугуна жогору баа бердим. Айрыкча суу жетишпеген жерлерге жеткизсек, түшүмдүүлүк кыйла жогорулап, сууну үнөмдөөгө дагы жакшы шарт түзүлөт эле",- дейт Гүлсара.
"КАРАГАТ+" программасы фермердик топтордон түшкөн суроолордун негизинде маалыматтык окууларды тынымсыз уюштуруп турат. Бул боюнча фермердик топтун лидери төмөндөгүлөргө токтолду:
«Долбоордун маалыматтык колдоосу жогорку деңгээлде. Биздин топтун 15 мүчөсү бар. Семинарлардан алган тажрыйбамды алар менен бөлүшүп турам. Келечекте ар бир айылдашым жерди иштетүү, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча билимин кеңейип, жашоо шарты жакшырса деген тилегим бар.
"КАРАГАТ+" долбоору жылда "КАРАГАТ ФЕСТ" деген чоң иш-чара өткөрөт. Фестивалдын жүрүшүндө фермерлерге өз ара тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлүп, жасаган ишиңдин жыйынтыгына баа берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Аталган иш-чара быйыл биздин Ак-Суу районунда өткөрүлмөкчү. Ошондуктан бул маанилүү иш-чарага жакшы жетишкендиктер менен катышуу - биздин милдет".