2 айда өлкөдөгү дыйкандарга 374 миллион сом жеңилдетилген насыя берилгени айтылды

2 айда өлкөдөгү дыйкандарга 374 миллион 536 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинин билдиришинче, "Айыл чарбаны каржылоо – 4" долбоорунун алкагында берилген насыя 971 айылдык товар өндүрүүчүнүн колуна тийди. Долбоордун негизинде товар өндүрүүчүлөргө берилген насыянын шарттары:

- пайыздык чен – жылына 10 пайыз;

- кайтаруу мөөнөтү – 3 жылга чейин;

- карыздын негизги суммасын жабууга берилчү жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин;

- жекече насыялар боюнча 100 миң сомго чейинки насыялык каражаттар күрөөсүз негизде 1 жылга чейинки мөөнөт менен берилиши мүмкүн.

Насыялар негизинен мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын өндүрүү багытына берилет. Долбоор быйылкы жылды кошкондо 4 жылдан бери ишке ашырылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан