Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдык борборунун базасында Шанхай Кызматташтык Уюмунун "Тынчтык миссиясы-2016" биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык машыгууларына даярдык боюнча Казакстандын, Кытайдын, кыргыз өлкөсүнүн, Орусиянын жана Тажикстандын коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышкан штабдык сүйлөшүүлөрдүн 2-бөлүгү башталды. Бул тууралуу Башкы штабдын Басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, күндөлүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аскер эксперттери ШКУнун "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун болжолдуу аракеттерин жана ар тараптуу камсыз кылуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн чегинде ошондой эле меймандарга алдыдагы машыгуу өткөрүлө турган аймак тааныштырылат.
Штабдык сүйлөшүүлөр 2016-жылдын 17-мартында жыйынтык протоколго аскердик делегациялардын башчыларынын кол коюусу менен аяктайт.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2016-жылга күжүрмөн даярдыгынын планына ылайык жана жетишилген келишимдердин негизинде КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 20636-аскер бөлүгүнүн базасында быйылкы жылдын 5-сентябрынан 13-сентябрына чейин биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусу өткөрүлөт. Ага ШКУга катышуучу-мамлекеттердин аскер контингентинин катышуусу күтүлүүдө.