Өткөн жумада Бишкек шаарынын тургундары Айжан Суранбекова менен анын курбусу Мээрим Мырзабекова 7-8 күндөй дайынсыз болуп, кийин өздөрү кайтып келишкен. Эки курбунун бири Айжан чоң энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин айтканын SUPER.KG'ге күч органдарындагы ишенимдүү булактарыбыз билдиришти. Кыздар милицияга кайда жүрүшкөнүн айтып беришип, ата-энелери менен бирге үйлөрүнө жиберилген.
"Ленин РИИБине борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин эки студенти ата-энесинин коштоосунда келип кетишти. Эки саат убакыт аралыгында кыздар кайда жана эмне кылып жүргөндөрүн айтып беришти. Бир жума бою элди дүрбөлөңгө салып, дайынсыз жоголгон курбу кыздардын бири Айжан үйүнөн кеткен күнү чоң энеси экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, ал таарынып кетип калганын айтты. Эки курбу Ысык-Көл облусуна кетип калгандан кийин өздөрү изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтарды окуп, эмне кылышарын билбей калышкан. Жакындарынан коркуп, телефондорун улам күйгүзүп, кайра өчүрүп турушкандарын да кошумчалашты. Курбуларды жакындары издеп, милицияга арыз жазгандарын уккандан кийин алар шаарга кайтып келишип, кыздардын бири агасына СМС жазып, коркуп жатканын билдирген. Кийин аны агасы алып кетип, кыздар үйлөрүнө кайтып барышкан. Кыздар жана алардын жакындары менен сүйлөшүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргөн соң, алар үйлөрүнө коё берилди", - деп билдирди булак.