4 жылда кыргыз жеринен Түштүк Кореяга 2199 жаран келишимдин негизинде иштөөгө кеткен

2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынан Түштүк Кореяга барчу жарандар корей тили боюнча тесттен өтүшүүдө. 4 жылдан бери жарандардан 10 жолу тест алынганын Миграция боюнча мамлекеттик кызмат бүгүн, 15-мартта билдирди. Тест тапшырууга жалпы 10 331 адам катышып, анын 5417си өткөн. Мунун ичинен 2761 жаранга аталган өлкөдө иштөө келишими түшүп, 2199у келишимдин негизинде иштегени кеткени айтылат маалыматта.

Кореяда иштөөнү каалаган жарандарга негизги талаптар:

Жаш курагы 18-39 жаш;

Корей тилинен тестти ийгиликтүү тапшыруусу;

Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалым кат;

Мурда депортацияланбаганы жана соттолбогондугу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан