Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 15-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагында лотерея ишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Демилгечи депутаттардын бири Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, лотерея ойнотуу утуштун белгисиздигинен улам жарандарда кумарды пайда кылат, анын негизинде кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн керектөөчүлөрдө көз карандылык пайда болот. "Ошондуктан калктын ден соолугу менен каржылык туруктуулугун жана лотереялык иштен түшкөн салыктарды бир таразага коюуга болбойт. Мындан тышкары лотерея иши жарандардын, өзгөчө өсүп келаткан муундун адептүүлүгүнө, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирет. Алар социалдык мааниге ээ болгондуктан, коомдун өнүгүшүнүн азыркы этабында жана лотерея иши жагынан түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен киргизилип жаткан тыюу салууну актай алат",- деди демилгечи.
Талкуунун жыйынтыгында бул демилге колдоо таап, 1-окууда жактырылды.