Окуучулар арасында “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө” сынагы өткөрүлүүдө (фоторепортаж)

Өлкөдө окуучулар арасында “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө” аттуу темада сүрөт сынагы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле Тарых жана маданият жылына арналган. Учурда "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда сынакка катышууга бел байлаган окуучулар сүрөт тартып, аларды бул борборго өткөрүүдө. Иш-чарага 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар катыша алышат.

Сынактын башкы максаты - көчмөн элдердин маданияты, мурасы тууралуу маалымдоо, көчмөн элдердин улуттук оюндарын өнүктүрүү менен бирге жаш муундарды патриоттуулукка, толеранттуулукка үндөө, ошондой эле кыргыз элинин тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу, зээндүү балдардын чыгармачылыгын колдоо.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги уюштурууда. Белгилүү болгондой, сынактын катышуучуларынын эмгектерин атактуу сүрөтчүлөр, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, искусство таануучулар жана өлкөнүн көрүнүктүү кол өнөрчүлөрүнөн турган калыстар тобу бааламакчы. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, грамоталар жана дипломдор менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы быйыл 25-майда чыгарылат. Тандалып алынган сүрөттөр 2016-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көргөзмөгө коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан