Кыргыз Республикасы менен Румыниянын визасыз катташуусу боюнча келишим ратификацияланат. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 15-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралды. Документтин расмий аталышы: “Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Румыния өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу".
Макулдашуу дипломатиялык же кызматтык паспорттун ээлерин башка мамлекеттин аймагына киргенде, чыкканда же ошол өлкөдө жүргөндө 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотот.
Азыркы учурда өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганын, Румыния менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын айтышат демилгечилер.