Бишкекте өлкөнүн баалуу кагаздар рыногуна ислам принциптерин киргизүү жолдору талкууланды

Кыргыз мамлекетинин баалуу кагаздар рыногуна каржылоонун ислам принциптерин киргизүү сунушталууда. Бишкекте 15-мартта тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып, ага депутаттар, каржы адистери, Сауд Арабия, Малайзия, Улуу Британиядан келген эксперттер катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору менен ислам каржылоо долбоорунун тастыктама түрлөрү киргизилип жатат. Дүйнөлүк тажрыйба каржылоонун ислам принциби түрдүү тобокелчиликтер менен каржы кризистерине туруктуу болорун тастыктаганы айтылды. Ал негизинен шарият талаптарына таянат. Мисалы, үстөк пайыз албайт, кумар оюндары сыяктуу долбоорлорду каржылоодон жана андан табылган арам кирешелерден баш тартат.

Долбоорлорду ишке ашыруу процессине өкмөт тараптан жаңы түзүлүүчү Шарият кеңеши көзөмөлдүк кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан