Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Египетке визаны кайдан ачат? Суроо калтырган tengara.
Жооп: Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жарандары Египет Араб Республикасынын визасын алыш үчүн Египеттин Астана шаарындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Египетке саякат жасоо максатында барууну кааласа, анда тийиштүү туристтик компанияларга кайрылуу керек.
Египеттин Астана шаарындагы элчилигинин дареги: Астана шаары, Дипломатиялык шаарча, Сарайшык көчөсү-24А, тел.: (0077172) 241830-286067, astana241830@gmail.com.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.