Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Ислам мамлекети болгон Сауд Арабиясына, Америка Кошмо Штаттарына, Швейцария мамлекетине кантип виза ачтырса болот? Дегеле биздин жарандарга ушул өлкөлөргө виза кыргыз өлкөсүнөн эле ачылабы? Латвияга визаны Казакстанга барып ачтырып жатат го. Суроо калтырган mani.
Жооп: - Кыргыз Республикасынын жараны Сауд Арабия Падышалыгына барууну кааласа, анда Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын визасын алыш үчүн Бишкек шаарындагы АКШнын элчилигине кайрылуусу керек. Швейцария өлкөсүнүн визасын Швейцариянын Бишкектеги элчилигинен алат. Тилекке каршы, Латвиянын элчилиги Кыргыз Республикасынын аймагында жок. Ал өлкөнүн визасын Казакстандан алууга болот.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.