2016-жылы жалпы суммасы 5 миллиард 95 миллион сомго өлкө боюнча жаңы 100 мектеп курулуп, 100 мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык маселелерди чечүүдө калктын муктаж болгон катмарларына даректүү жардам берүү жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү билим берүүгө шарт түзүүгө артыкчылык берет. "Анын алкагында өкмөт 5,5-7 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү жаатында толугу менен камсыз кылуу боюнча өлкөнүн бардык аймактарын камтуу жаатында иштерди алып барууда. Мындан тышкары "Акылдуу мектеп" деп аталган программанын алкагында быйыл өлкөдөгү 1000ден кем эмес мектеп интернетке туташтырылат. Ошондой эле мамлекеттик жогорку окуу жайлар өлкөнүн экономикасынын тармактарын талаптарына жараша мамлекеттик ЖОЖдорду оптимизациялоонун экинчи этабы жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта.