Бүгүн, 15-мартта президенттик аппараттын кызматкерлерине таандык 19 KG мамлекеттик номер жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"000 KG сериясындагы акыркы мамлекеттик унаа номерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык тейлөө борбору тарабынан кесүү жолу менен жок кылынды. Бул унаа номерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Жогорку Сотко жана акыйкатчыга таандык болчу",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 3-февралда депутаттарга таандык 120 комплект жана өкмөт мүчөлөрүнүн 23 номери жок кылынган. Бир гана жок кылынбай калган 01 KG номери Кыргыз Республикасынын Президентине таандык бойдон калат.