Бүгүн, 15-мартта Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Ачкычтарды тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү катышканын мэриядан билдиришти.
Шаар мэри жаңы батир алып жаткан кызматкерлерди куттуктап, ар бир күч түзүмдөрүнүн башчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.
“Өлкөбүздүн соңку тарыхында мамлекет тарабынан үй куруу, үйгө муктаж жарандарга үй берүү деген түшүнүк унутулуп бара жаткан. Акыркы эки-үч жылдан бери өлкө башчынын демилгеси жана аракети менен бул маселе ордунан козголуп, үйлөр курулуп, кызматтык батирлер берилип, ипотекалык систем жөнгө салына баштады. СССР деп аталган кубаттуу мамлекеттин мезгилинде деле күч түзүмдөрүнө бир мезгилде мынча батир берилген эмес. Буюрса, бул багыттагы жумуштар мындан ары да улантылуу менен жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар”,- деди Кадырбаев.
Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 1-2-3 бөлмөлүү жалпы 206 кызматтык батир берилди. Анын ичинен ИИМдин кызматкерлерине - 60, Коргоо министрлигине - 33, ӨКМга - 15, УКМКга - 30, Чек ара кызматына - 33, Мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматына - 10, Улуттук гвардияга - 14, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине - 11. Үйлөр шаардын Манас-Ата жана Достук аймактарында жайгашкан.