Борбордогу айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет

Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасына Чехиянын Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачектин расмий сапары менен келишине байланыштуу борбордогу айрым көчөлөргө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин, Махатма Ганди көчөсүнө чейинки бөлүккө, Манас кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй кең көчөсү, Раззаков, Абдумомунов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Ян Гамачектин расмий сапары 2 күнгө созулмакчы. Чехия делегациясы Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрөрү, мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасы уюштурган кыргыз-чех бизнес-форумуна да катышары маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан