Өлкө аймагында 16-марттан 19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 17-18-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, 16-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде 0... -2°С болуп, үшүк жүрүүсү күтүлүүдө. 18-19-мартта күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2-7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6-11°, тоо этектеринде 1-6° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 2-7° суукка чейин төмөндөйт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет.