Алдамчылыкка шектелип жаткан Кубат Карабаевдин апасы Халима Карабаева 15-мартта маалымат жыйын өткөрүп, депутат Акылбек Жапаров, ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков анын бизнесин тартып алышканын, уулуна козголгон иш буюртма экенин билдирди.
Ички иштер министрлиги айтылган маалымат чындык эместигин маалымдады.
"Жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт, бул ишке ички иштер министринин таптакыр тиешеси жок. Ички иштер органдарында жылына 60 миңдей иш иликтенет, министр тергөө иштерине кийлигишпейт жана кийлигише да албайт",- деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.
Министрлик окуянын чоо-жайы тууралуу төмөнкү маалыматты таратты: "2012-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май РИИБине М.Ш. аттуу жаран кайрылып, 2012-жылдын мартында алдамчылык аркылуу баасы 27 000 доллар турган Лексус LS430, баасы 45 000 доллар турган Лексус GX, баасы 17 500 доллар турган БМВ-Х5 автоунааларына ээлик кылып, андан кийин автоунааларды ломбардга күрөөгө коюп, дайынын таптырбай кеткен Кубат аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн.
Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 89 500 долларды түзөт. Факт боюнча Биринчи Май райондук соту кылмыш ишин ачып, 2012-жылдын октябрында кылмышка шектүү катары 1983-жылдын 17-июнунда туулган Кубат Карабаев кармалып, соттун токтому менен камакка алынган.
2012-жылдын декабрында кылмыш иши өндүрүштөн токтотулуп, Биринчи Май райондук прокуратурасына жиберилген. Жыйынтыгында материалдар сотко жөнөтүлгөн. 2013-жылдын июль айынын башында Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабырлануучу М.Ш. аттуу жарандын кепилдиги менен айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн эч жакка кетпөөгө милдеттендирген.
2014-жылдын майында кылмыш иши тергөө мүчүлүштүктөрүн толуктоо үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасынын прокуроруна кайтарылат. 2014-жылдын декабрында 5 томдук кылмыш иши изилдеп, андан соң райондук сотко жиберүү үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунун кароосунда. Айыпталуучу тараптын жактоочу алмаштыруу тууралуу өтүнүчүнө байланыштуу процесс убактылуу токтотулган.
Ал эми Юруслан Тойчубековго коррупциялык кылмыштар боюнча издөө жарыяланган. Анын жүргөн жери азырынча белгисиз".
Министрлик 2012-жылы К.Карабаев "малайзиялык жаран биргеликте бизнес кылууга макулдашып, бирок алдап, 76 000 долларымды алып кетти" деп Свердлов РИИБине арыз жазганын кошумчалады. Факт боюнча ачылган кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет элдик жаран табыла электиги айтылды.