Жол-кайгуул кызматын реформалоо укук бузууларга тезирээк чара көрүүгө шарт түзөт

"Жол-кайгуул кызматын реформалоо укук бузууларга тезирээк чара көрүүгө шарт түзөт". Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилди.

"Буга чейин жарандарыбыз кандайдыр бир кылмыш же мыйзам бузуучулук болуп жатканда Жол-кайгуул кызматына кайрылышканда инспекторлор "мунун биздин кызматка тиешеси жок, милицияга билдиргиле" деп коюшчу. Ошондой эле жол кырсыгы катталганда жакын жерде жүргөн Кайгуул-күзөт кызматына кайрылган жарандарыбыз тиешелүү жардам ала алышчу эмес. Мындан ары буга окшогон маселе болбойт, себеби эки кызмат биригип, жарандарга тиешелүү жардам бат көрсөтүлөт.

Жаңычылык ИИМдин тышкы кызматтарынын ишин иретке келтирет, укук коргоо органдарынын имиджин өзгөртөт. Башкаруу аппаратын кыскартууга мүмкүндүк берип, ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн башкаруу түзүмүн жөнөкөйлөтөт. Мыйзам бузуучулук жана кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө тезирээк чара көрүү үчүн шарт түзүлөт",- деди Саркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bolsunalban
2016-03-16 12:27:48
Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт.
0
Medina87
2016-03-16 12:46:34
Видео байкоолр орнотулса бул маселе жонун таап кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан