Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган чех парламентинин делегациясы Бишкектеги Өчпөс отко гүл койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, гүл коюу аземине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.
"Чех парламентинин делегациясы 16-17-март аралыгында Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат. Ошондой эле делегация мүчөлөрү Кыргыз-чех бизнес-форумуна, өлкөдөгү «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышмакчы",- деп айтылат маалыматта.