Бүгүн, 16-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Ош шаарына келди. Жергиликтүү бийлик жетекчилери учурда президентти Ош Эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Сапар алкагында Алмазбек Атамбаев Ош шаарында курулган суу кампанын ачылышына катышып, андан кийин шаар тургундары менен жолугушат.