"Кумтөр Голд Компани" Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдуу тапшырды

Медицина борбору заманбап жабдыктуу болду2016-жылдын 10-мартында “Кумтөр” компаниясынын медициналык бөлүмүнүн өкүлдөрү Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна ультрадобуштук диагностика үчүн америкалык өндүрүштөгү санарип аппарат жана көп функциялуу бейтаптын керебетин тапшырышты.

Жабдыктарды кайрымдуулук катарында берүү чечими ОҮМБдан өткөн жылдын декабрында келген УДИ аспабын алууга көмөктөшүү өтүнүчүнөн улам “Кумтөр Голд Компанинин” Демөөрчүлүк жардам боюнча комитети тарабынан кабыл алынган. Ал учурда мекемеде ушундай бир гана аппарат иштеп жаткан.

“Кумтөр” компаниясы көп жылдардан бери Каракол шаарындагы ОҮМБ менен тыгыз кызматташып, ал Борбордун натыйжалуу иштешине шарт түзүлдүмекемеден алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери туруктуу медициналык изилдөөдөн өтөрүн эске сала кетсек.

"Биздин өтүнүчүбүздү аткарган “Кумтөр” компаниясына чоң рахмат. Каракол шаарындагы ОҮМБ аймактын 40 миңдей жашоочусун тейлейт. Эми бизде алда канча тез жана натыйжалуу иштөө мүмкүнчүлүгү жаралды",- деп ыраазычылык билдирди Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо системинин координатору Эсенбек Сатылканов.

"Кумтөр Голд Компанинин" медициналык бөлүмүнүн менеджери Анара Дөөлөтова "Кумтөр" компаниясы ОҮМБга, ошондой эле облустун райондук медициналык мекемелерине да колдоо көрсөтүү улантыларын белгиледи.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nurik2103
2016-03-16 14:33:27
Кумтор Голдпу же Центерра Голдпу???
0
marik10
2016-03-16 14:55:38
nurik2103,
Кумтөрдүн расмий аталышы "Кумтөр Голд Компани"
0
Zahovic
2016-03-16 14:57:04
Аа эми элдин козун майлашып жатышатго го дейм... типа Кумтор жардам берип жатат дегенсип. Бир медициналык жабдуу алып берип канчалаган тонна алтындарыбыз кетип жатат ага салыштырмалуу бул бир жабдуу копейка да...
+5
jaazira13
2016-03-16 15:03:55
Zahovic,
албетте, копейка. копейка болсо да доктурлар суранды, алып берди. башка ким копейкасын берип атыптыр поликлиникаларга, кайсы депутат же министр?
+4
Zahovic
2016-03-16 22:50:38
jaazira13,Кошулам сиздин созунуздо да жан бар бирок эн окунучтуусу ошол кумторду озубуз иштете албай алтындарыбыз чет олкого кетип жатпайбы. Эгер озубуз иштетип сатсак бир эле Караколго эмес буткул Кыргызстандын ооруканаларын ушундай жабдуулар менен камсыз кылсак болмок. Ар бир окмот келгенде эми программаларын айтышса тым эле тооду томкоруп жибергидей суйлошот Кумторду андай кылам тигиндей кылам дешип келишет бирок на самом деле булардын баарынын колунан Тынар айтмакчы покам келбейт...
0
Jigit80
2016-03-16 16:08:17
Кыргыз элим кандай кунго туш болдук.Озубуздогу баалуулуктарды озубуз пайдалана албай,бироо берген жабдыкты,апабыз эркек торогондой мактап суйунчулойбуз.Керек болсо кыргызстан ал жабдыкты суранып эмес милдеттендирип алдырса болот.Бул бийликтин пастыгынан кабар берет эптеп кумтор голд ком. жакшы корсотуп,элди алдаш керек.А кумтор голд тонналаган алтындарды казып,биздин шумшукторго жен ичинен жедирип туруш керек.
0
marik10
2016-03-16 16:24:43
Jigit80,
туура айтасың, байкуш эле болдук.
бирок жаңылышасың, кумтөрдө сендей, мендей кыргыз жарандар иштейт. ошолор боор ооруп, ооруканага экинчи узи аппарат тапшырып атат, компаниянын атынан. кумтөрдө иштеген кыргыздарды чет элдик, жамантты дебесең.
+1
Jigit80
2016-03-16 18:47:04
marik10 садаган болоюун жакшылап карасанчы Кумтор голд компани тапшырды деп турат.Кумтор голд компаниясында иштеген кыргыздар деген жок.Компания кыргыздарга карабай чет олкого караганын билгендигим учун жазып жатам.Же сенин оюун боюнча кыргыздар иштесе эле кыргыздарга карап калабы.Же Кумтор голд компаниясында иштеген кыргыз жамааты тапшырды деп жазылып турабы.кечирип кой талашып тартышкым жок жон эле чындыкты айтким келди.Кимдер иштегендиги тууралуу маселе айтылган жок бул жерде.
+1
marik10
2016-03-16 19:25:09
Jigit80,кандайча компанияда кыргыздар иштебейт? ал жерде жургон адамдар анда актерлорбу? оба кумтор голд компани бизге карабайт, ал центеррага караган компания, бирок биз ошол эле центерранын эн ири акционерибиз. кумтор голд компани тапшырды дегениби менен ал жерде канадалыктар тапшырды деп соз берген жокта, кумтор голд компани деп айтылганда биз инвесторлорду жана алар менен чогуу иштеген биздин жарандарды элеске алышыбыз керк
0
Maks_shop
2016-03-16 19:33:50
Ушинтип бизди алдай беришет
0
jaazira13
2016-03-16 20:11:54
Maks_shop,бюджетке 6 млрд сом салып, оз милдеттуу толомдордон сырткары ар кандай долбоорлорду ишке киргизген инвесторлор алдамчыбы? же шайлоо астында убада берген популисттер алдамчыбы? ким мамлекетке пайда алып келет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан