Ош шаарында келечекте дагы бир суу резервуары курулат

Ош шаарында келечекте дагы бир суу резервуары куруларын бүгүн, 16-мартта Оштогу суу кампанын ачылышында аталган шаардын мэри билдирди.

"Бүгүнкү ачылган суу кампа менен токтобойбуз. Учурда 3-резервуардын ордун даярдап жатабыз, аны да келечекте улантабыз. Бүгүнкү суу кампа 60 миңден ашуун же тургундардын 21,8 пайызын таза суу менен камсыз кылат. Негизинен суунун жетишпестиги ушул аймакта көп сезилчү. Бул кампага суу 7,5 чакырым алыстыкта жайгашкан жер астындагы суулардан алынып келинет",- дейт мэр.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев адамдын денеси 80 пайыз суудан турарын эскертип кетти.

"Ош шаарында көптөн бери ичүүчү суу тартыштыгы өкүм сүрүп келген эле. Эми бул суу резервуарынын ачылышы менен маселе 20 пайызга чечилди. Суу маселесине мындан ары да көңүл бурулат. Адам өзү 80 пайыз суудан турат, билбегендер үчүн айта кетейин. Биз тиги дүйнөгө эч нерсени алып кете албайбыз. Башкаларды тактайга салып койсо, мусулмандарды эч нерсеси жок коёт",- дейт Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан