Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы 17-мартта эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон.
Камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 5 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.
17-марттын жылнаамасы.