Аксынын Боспиек айылында бүгүн, 17-мартта 2002-жылкы окуянын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров, облус, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар, окуядан каза тапкандардын жакындары катышты.
Иш-чарадан кийин Азимбек Бекназаров Бишкекте милиция Аксы окуясынын баатырларына арналып тургузулган эстеликке аксакалдарды гүл койдурбай койгонун билдирди. "Бул жерге президент келгени үчүн гана киргизишти окшойт",- деген коомдук ишмер президенттин 16-мартта Ош шаарында айткан сөздөрүн сындады. "Айтылбай турган сөздөр айтылды... Кантсе да президент, өлкөнүн жетекчиси... Аны бүткүл карапайым эл, саясатчылар, анын ичинде оппозиция өкүлдөрү да карап турушат",- деген Бекназаров өлкө жетекчиси оппозицияны элге жаман көрсөтпөшү керектигин белгиледи.