Альпинизм боюнча Бишкектин Ачык биринчилигине 4 команда катышып, жеңүүчүлөр аныкталды (фото)

1-15-март аралыгында Ала-Арча капчыгайында Бишкектин альпинизм боюнча Ачык биринчилиги болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 4 команда катышканын Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты.

Аталган спорт түрүн жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин арттыруу максатында өткөн мелдеште "СКИФ" командасы 18 упай менен жеңүүчү аталды. Кийинки орунду "Ак-Сай" командасы ээлесе (16 упай), 3-орунду "СКИФ-2" командасы камсыздады (2 упай). "Каракол" командасы 2 упай менен 4-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан