Орусия Түркиядан алынып келинүүчү анар менен калемпирге дагы тыюу салды

Бүгүндөн баштап Орусия Түркиядан келген айыл чарба азыктарына жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

“Россельхознадзор” мекемесинин маалыматына ылайык, тыюу Орусияга карата киргизилген санкциялар менен байланышкан эмес. "Түркиялык анар менен таттуу калемпирди Орусияга түз жана башка өлкөлөр аркылуу алып келүүгө болгон тыюу 17-марттан тарта киргизилет. Түркия ырааттуу түрдө өсүмдүк зыянкечи бар продукцияны өлкөгө алып келип турган",- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 2015-жылдын ноябрь айында Түркия орусиялык Су-24 аскер учагын Түркия-Сирия чек арасында атып түшүргөн. Мындан улам Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркияга карата санкцияларды киргизген. Алардын арасында кээ бир тамак-аштарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Санкциялык тизмеге апельсин, мандарин, жүзүм, алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кара өрүк, кулпунай, томат, бадыраң, пияз, түстүү капуста жана тоок менен күрптүн тоңдурулган бөлүктөрү кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан