Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Эсептөө палатасынын курамын шайлоо өтүүдө. 1-турдан аталган курамга 6 талапкер кирди. Алар:
1) Айжан Садыркулова (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.
2) Улукбек Марипов (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.
3) Эсентур Самыкбаев (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.
4) Алмазбек Султанкулов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.
5) Ишенбек Медетов (КСДП фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.
6) Владимир Садовников ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.
Ал эми парламенттик оппозициядан талапкерлер 2-турга калышты. Алар:
7) Нурболот Мырзахметов ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 49 "макул", 61 "каршы" добуш топтоду.
8) Акылбек Түмөнбаев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 48 "макул", 62 "каршы" добуш топтоду.
9) Эркинбек уулу Эмилбек ("Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган талапкер) 68 "макул", 42 "каршы" добуш топтоду.
Эң аз "макул" деп добуш топтогон Нурбек Мурашев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) шайлоодон четтетилди. "Дарыгерди ур-токмокко алган" деп айыпталган экс-депутат 41 "макул", 71 "каршы" деген добуш топтоду.
Айта кетсек, Эсептөө палатасынын курамы 9 аудитордон турат. Бул курам 5 жылдык мөөнөткө шайланат.