Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын курамын шайлады (тизме)

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын курамын шайлады. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 1-турдан 6 талапкер, 2-турдан 3 талапкер жактырылды.

1-турдан шайлангандар:

1) Айжан Садыркулова (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.

2) Улукбек Марипов (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.

3) Эсентур Самыкбаев (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.

4) Алмазбек Султанкулов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.

5) Ишенбек Медетов (КСДП фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.

6) Владимир Садовников ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду.

2-турдан шайлангандар:

7) Нурболот Мырзахметов ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер)

8) Акылбек Түмөнбаев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер)

9) Эркинбек уулу Эмилбек ("Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган талапкер)

Эң аз "макул" деп добуш топтогон Нурбек Мурашев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 1-турдун натыйжасында шайлоодон четтетилген.

Айта кетсек, Эсептөө палатасынын курамы 9 аудитордон турат. Бул курам 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан