Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканын билдиришти. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени маалым болду.
Мындан улам кыргыз тарабынын сунушу менен саат 8:50дө Могол жеринде Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталган.
Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтотту. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.
Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-автожол", "Кең-Сай-автожол" жана "Кадамжай-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапты.