ЭЛДИК КАБАР: Аксынын жолуна өзбек чек арачылары койгон блокпост (фото)

Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука жолуна өзбекстандык чек арачылар блокпост коюшуп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип жатат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Окурмандын айтымында, өзбек тарап кыргыздардын Оро-Башы, Сары-Булак жайыттарын талашууда. Сүрөттөгү таш менен коюлган тосмо өзбекстандык чек арачылар топтолуп турган жерге чейинки кичинерээк тосмо. Бул жол Аксынын Кашка-Суу айылын Ала-Бука району менен байланыштыруучу жол экени айтылды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Shaa-82
2016-03-18 15:45:25
Жогору жактагылар оздору бут мумкунчулукту берип атышатго Ошто шайлоого оло коп катышып атышат мисалы. Алар отсо мэрди ошолор шайлап калабы адашпасам эгер коп болуп калышса.
0
MuslimNur95
2016-03-18 15:52:06
Эх аттин кыргызстанды кимдер башкарып атышат ? Жеп-ичер акчага кул болгон адамдарбы? Же Мекеним элим жерим кыргызстаным деген адамдарбы ??? Анда неге жерлербизди басып тартып алып атышат??????
0
mery.89
2016-03-18 16:09:05
Озбектер жайытка кой малдарын багуу учун кызыгып биздики деп атат себеби кыргыз тарап озбектердин малдарын откорбойт эле.Эми [moderated] биздики деп чыга калыптырда оной эле уялбай.Малдарын багуу учун.
Бийлик унчукпаса эл которулуп чыгат жолду мэ деп берууго аксы алабука эли жол бербейт го.
+2
mery.89
2016-03-18 16:11:24
Кыргыз байкуштар андып турушат эми озбектер не кылып жиберет деп озбектер тим эле козомолдоочу пост койуп алганын.Биздикилер бош экенда текшертип коюп ушунча жыл биздики болгон жолго ээ боло албай.
+2
Zamka_93
2016-03-18 16:29:44
Аксы окуясын унутушкан окшойт атка минерлер
+1
Take_men
2016-03-18 16:31:51
Биздин талапкерлер шайлоо алдында баннерлерин кайсы тилде жазды эле? Эсинерде барбы????
+5
Alixan-Nookat.2015
2016-03-18 16:49:33
Чек арада кырдаал оор.
+1
Moskva.kg
2016-03-18 17:11:57
Ата-мекенди коргоо биздин милдет эгер кырдаал курчуп кеткен болсо эл учун жер учун жанымды аябоого ант берем согушка ар дайым даярмын!
+1
alina79
2016-03-19 01:57:35
Moskva.kg,ой азамат десе эркек балдардын баарынын оюу сендей болсо кана!
0
Imaraliev
2016-03-18 17:47:07
Баткенде да ушинтип блок пост койуп жылып эле келе жатышат биздин чондор карашпайт ал жерге кыргыз блок посунда койбойт чек араны тактасанар боло же баарын алдырып анан тынасынарбы
+1
DJONSON
2016-03-18 17:55:40
Буйурса президент болуп калсам Чек араны биринчи очередте тактап Защитаны кучотом Жана экономиканы котором А так булардын бирининда колудан келбейт окшойт
0
alina79
2016-03-19 01:58:38
DJONSON,ылайым эле тилегине жет! Президент бол!
0
arena2014
2016-03-18 18:16:30
Экс депутат Улукбек Кочкоров айткандай президент Атабайып Каримов олмойунчо чече албайм чек араны дегенго унуттунарбы?
+1
Lintel
2016-03-19 10:28:42
arena2014,Бу бийлик эшектин тусоосун чече албайт деп аткан убагында МЫРЗАКМАТОВ.
0
jake91
2016-03-18 18:28:23
Кыргыз елим менин журогум оруп жатат, менин бир еле суранганым, чекараны тосуп берсе жакшы болмок башка ечнерсенин кереги жок еле жеп жутарлааааааар
0
gutler
2016-03-18 23:48:34
"Уйдун ээси бош болсо,коногун тоодон тааны"- деп илгеркилер бекерден бекер айткан эмес экенда. Кыргызстандын уй ээси ар жерге барып, ар нерсени тантырап суйлоп жургондо, кирип алдыда [moderated].
0
dinara7684
2016-03-19 10:23:54
Bostery эл чек болунуп суйлогонун Мекенди кайтарганын билинип турат...Туштуктун Каракулжа,Алай,Аксы булар адабий тилде суйлошот. Мен этникалык кыргызмын башка жакта ото алыста жашайм,Кыргызстанда чонойгом,тилим,дилим кыргызмын.
0
Deniza88
2016-03-19 11:23:06
Элдер, митинг деп чыкса нар кыйын чыгасынар го, чыккыла ошентип??? Анан барып козголсо керек биздин чиновник акелер .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан