Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышууга Бишкектен жетекчилерден эч ким жөнөгөн жок

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара такталбаган аймакка өзбекстандык аскерлердин келишинен улам чыккан кырдаал менен таанышууга Чек ара кызматынын жетекчилигинен эч ким жөнөгөн жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасынын аталган аймагында эки мамлекеттин жергиликтүү аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, өзбек аскерлери кандай максат менен чек ара такталбаган аймакка кирип келишкени түшүнүксүз болууда.

Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жериндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени белгилүү.

Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтоткон. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-унаа жол", "Кең-Сай-унаа жол" жана "Кадамжай-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапкан.

Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан