Кыргыз тарап Өзбекстандан Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алууну талап кылды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рашидовго Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен нота тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын элчиси КРнын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. "Өзбек тарап жасап жаткан аракеттер кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн экени жолугушууда айтылды. Жолугушуунун соңунда Д.Сыдыков өзбек тарап эл аралык укуктун нормаларын жана 1996-жылдын 24-декабрында КР менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө кабыл алынган келишимди сактайт деген үмүтүн билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени белгилүү.

Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтоткон. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-автожол", "Кең-Сай-автожол" жана "Кадамжай-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапкан.

Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан