"Бишкек суу-канал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 22-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу берилбейт.
"Түштүк-Батыш" жана "Гагарин" суу алгычтарын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу калаанын төмөнкү көчөлөрүндө таза суу берилбейт: Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрүндө, Ак-Өргөө конушунда, анын ичинде №55-орто мектеп, Ленин районунун Аскердик комиссариаты, №5-мончо, Гагарин көчөсү боюнча Бишкек жылуулук энергиясынын казаны жана Жер бөлүштүрүү институту, "Кока-Кола" ЖЧКсы, "Яшар" ЖЧКсында, "Кыргыз коньягы" ЖЧКсында, "Комбинат" ЖЧКсында, "Тамга-Таш ЛТД" ЖЧКсында жана "Лина" фирмасында суу басымы төмөндөйт.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, мекеме жана уюмдардан таза суу камдап алууну суранат.