Өзбекстан Аксыдагы аскер киргизилген аймакты "биздин жер" деп билдирүү жасады

Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолундагы өзүнүн жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүүдө. Муну өзбекстандык podrobno.uz агенттиги өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен 18-мартта кечке маал жарыялады.

Аталган жерге аскер жайгаштыруусун коңшу өлкө "Нооруз майрамына карата өлкөнүн коопсуздугун күчөтүү" деп түшүндүрдү. Мындан тышкары аскердик техникалар менен жоокерлер Өзбекстандын аймагында турганын, жарандарды текшерүү такталбаган аймакка кирбөө тууралуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде жүрүп жатканын маалымдады.

Ал эми 18-мартта "Маданият унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун бир тараптуу жабылышын оңдоп-түзөө иштерине байланыштырып, бул боюнча кыргыз тарапка тийиштүү тартипте кабар берилгени айтылды. Муну менен катар Өзбекстандын аталган комитети тараптардын Чек ара кызматтарынын мамилесинин татаалдашып кетпеши үчүн кыргыз кесиптештерин туура эмес маалымат таратуудан карманууга чакырууда.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алышууда. Кыргыз тарап бүгүн кечке чейин коңшулаш өлкөнүн мындай аракетинин себебин биле албай турду. Жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышууда. Жолдогу блокпост жана аскерлер алына элек. Аймактагы кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан