Аксы - Ала-Бука жолуна өзбек чек арачыларынын блокпост коюп алышы SUPER.KG порталынын колдонуучулары тарабынан да кызуу талкууланууда. Порталдын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз-өзбек чек ара маселеси" деген тема ачылып, колдонуучулар кырдаал боюнча пикир калтырышууда.
Коңшу өлкөнүн чек арачыларынын такталбаган жерге кирип алышы, аларга кыргыз тараптан жетиштүү чара көрүлбөй жаткандыгы, бийлик өкүлдөрүнө, жалпы кыргыз журтчулугуна кайрылуулар, нааразычылыктар, ошону менен бирге сабырдуулукка чакырган билдирүүлөр жазылууда.
"Бул жерде башка бир нерсе жаткандай... Жок жерден алардын бийлигине күч келдиби, ал жерге киргиле дегидей?! Кызуу кандуулукка алдырбай туруу керек. Кызуу кандуулуктан 2010-жылы кандай кандуу окуя болуп кетти. Маселе толук иликтенмейинче бир тараптуу чечим чыгарбоо керек",- дегендер болууда.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.