Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына 50дөн ашуун киши чогулуп, Аксы районундагы чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Мунарбек уулу Мирбек билдирди.
Маалыматка ылайык, аянтка чогулгандар бийликтен эки күндөн бери элди тынчсыздантып жаткан Кербен - Ала-Бука жолундагы чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылышууда. Активисттер учурда бийлик тарабынын өкүлдөрүн күтүп жатышат.