Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-мартта Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушууда улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого байланышкан маселелер, андан тышкары Коргоо кеңешинин алдыдагы отурумунун күн тартиби талкууланганы белгилүү болду.