Казакстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө

Бүгүн, 20-мартта Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо мандат үчүн 6 партиянын өкүлдөрү ат салышууда. Жарышка түшкөндөр: “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары.

Белгилей кетсек, парламенттин Төмөнкү палатасын таратууну депутаттар өздөрү демилгелешип, өлкө башчысы колдогон. Нурсултан Назарбаев Мажилис төрагасы Кабибулла Жакупов, премьер-министр Карим Масимов жана Сенат жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен консультация жүргүзүп, жолугушууда кезексиз шайлоо өз убагында жасалчу кадам экенин, өлкө алдында турган милдеттерди ишке ашыруу үчүн элдин ишенимине негизделген жаңы мандат алуу зарылдыгын белгилешкен.

Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн.

Мажилистин курамы 107 депутаттан турат: 98и партиялык тизме боюнча шайланып, 9у Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан жылдырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан