ЭЛДИК КАБАР: Аксыда 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин чечүүнү талап кылды
Аксы районунун Өлөң-Булак айылында 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жыйынга район акими, жергиликтүү милиция башчылары жана бийлик өкүлдөрү катышты. Азырынча эч кандай жыйынтык жок",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.