21:32. Кыргыз тарап Аксыдагы элдин коопсуздугу үчүн кошумча аскер күчтөрүн тартты. Маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тастыктады. "Азыр биздин аскерлер техникасы менен алар кай жерде турса, так ошол жерге жайгашты. Кошумча күч да барды",- деп билдирди Акаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу.
19:35. Мээрим Кубанычбек кызы аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ош-Бишкек жолунан тартылган аскердик техникалардын сүрөттөрүн жарыялады. "Түштүктөн досторум жиберишти. Сүрөттөрдү Бишкек-Ош жолунан тартыптыр. Аскердик техникалар өзбектер аскерлерин койгон чек ара аймагына бара жаткандай",- деп жазды.
15:30 Кыргыз тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймактан өзбек чек арачыларын жана аларга тийиштүү техникаларды чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү жасады. “Учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Өзбекстан тарап менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Аталган аймакта абал туруктуу. Эч кандай курал колдонуу фактылары катталган жок. Айрым маалымат агенттиктери жазып чыккандай, "кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аймакка жетиштүү техникалар тартылган жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери иш алып барууда”, - деп айтылат маалыматта.
14:45 Кербен - Ала-Бука унаа жолунда абал өзгөрүүсүз, буга жергиликтүү калк абдан тынчсызданууда, провокация жараткандар да жок эмес. Бул тууралуу SUPER.KG проталына Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди. “Калк арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө, жакынкы айыл аймактарында жооптуулар күзөттө туруп, күнү-түнү иш алып барып жатышат. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамына байланыштырды. Эгер кырдаал өзгөрсө, майрамдан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Эл арасындагы "блокпост коюлган аймак өзбек тарапка сатылып кеткен" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мамлекет аралык, өкмөт алдындагы бир катар комиссиялар бар, эгер жер сатылган болсо, андай маалыматты ушулар гана бере алат. Айта кетчү нерсе, өзбек тарап ал жерди биздики деп айтканы менен, фактыга таянганда, ал аймак кыргыз жерине таандык. Өзбек чек арачылары блокпосттон ID-карта, айдоочулук күбөлүк менен да, эч кандай документи жокторду да өткөрүп жатышат. Бул эл аралык нормаларга туура келбейт", - деди ал.
12:21 Аксынын жаштары кыргыз жоокерлерине гуманитардык жардам уюштуруп жатышат. Алар кыргыз-өзбек чек арасында күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткан жоокерлерге чылым, суусундук жана тамак-аш алып бармай болушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Жергиликтүү эл маселенин чечилишинин кечигип жатканына нааразы болууда. Абал туруктуу.
9:56 Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кербен - Ала-Бука унаа жолунда абал өзгөрүүсүз. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Чек арачылар окуя башталган күндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Өзбекстан тараптан эч кандай жооп же расмий билдирүү боло элек.
Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.