Жанар Акаев, Аксыдагы кырдаал боюнча: "Элди кан төгүүгө, согушка үндөө - чекилик"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча элди сабырдуулукка чакырды. Депутат 20-мартта социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган билдирүүсүндө айрымдарды жалган маалымат таратпоого чакырды.

"Чек арадагы кырдаал баарыбызды тынчсыздандырды. Өзбекстан "Ноорузга карата" деген шылтоо менен талаштуу аймакка аскерин киргизгени өтө одоно болду, тактала элек жерге кирип келүүгө алардын эч кандай акысы жок болчу! Биз дагы, өкмөт, Чек ара кызматынын жетекчиси, жергиликтүү бийликтер окуя болгон жерде жүргөн айылдыктар менен тынбай байланышып, окуянын өнүгүшүнөн үзбөй кабардар болуп турабыз.

Бул маселени бир гана дипломатия, сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечкен туура болот. Аксы, Ала-Букага барып, жолугушууларды өткөргөндөн эч бир депутат коркпойт, болгону ушундай кырдаалда партия, фракциялардын ал жерде элди дүрбөтүп, саясий иш-чарага айлантуунун зыяндан башка пайдасы жок.

Бул маселени өкмөт чечүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Баарыбыздын улуттук сезимибиз ойгонуп ачууланып турабыз, карыш жерди башкага карматкыбыз келбейт, ага жол да берилбейт, бирок ушундай учурда тынчтыкты тилеп, элди сабырдуулукка үндөгөндүн ордуна кээ бирлер тим эле ушундан да упай топтоп, маашырланып, "атышуу башталды" деген калп маалыматтарды таратып, элдин ого бетер үшүн алганы өкүнүчтүү. Бийликтин кемчилигин сындаш керек, бирок элди согушка, кан төгүүгө үндөө - чекилик. Азыр биздин аскерлер техникасы менен алар кай жерде турса, так ошол жерге жайгашты. Кошумча күч да барды.

Мендеги маалыматтар боюнча, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынан жакында эле өзбек жарандарын биздин тиешелүү органдар чыгарышкан, андан башка да объекттерди Кыргыз Республикасына өткөрүү иштери активдүү башталган. Мунун баары кошунабызды азыркыдай жооп кылганга түрттү окшойт. Нооруздан кийинки абалды күтүп туралы, майрамдан соң аскер техникасын чыгарып кетет деген да маалымат бар. Баарыбыз Кудайдан тынчтык тилеп, жакшылыктан үмүт кылып туралы",- деди Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан